• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ОшМУ Хэнань провинциясынын жүрөк кан тамыр оруулары клиникасы менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 21.04.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети Хэнань провинциясынын жүрөк кан тамыр оруулары клиникасы менен кызматташат.

Бул тууралуу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Хэнань провинциясынын жүрөк кан тамыр оруулары клиникасына болгон сапары учурунда сүйлөшүлдү.

Тараптар менен болгон жолугушууда ОшМУнун медициналык клиникасында эки тараптын адистери биргеликте жүрөк кан тамыр ооруларына операцияларды жасоо сунуштары айтылды. Андан сырткары, ОшМУнун дарыгер адистерин аталган клиникага тажрыйба алмашууга жөнөтүү макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жакын арада перспективалуу багыттарды аныктап, келишим түзүүнү пландашты.

Пикир

Оставить комментарий