ОшМУ Кытайдын Шихэцзы университети менен эки тараптуу кызматташат

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети Кытайдын Шихэцзы университети менен эки тараптуу кызматташат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Шихэцзы университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Эки тарап тең жолугушууда кызматташууну тереңдетүүгө кызыктар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий