ОшМУ менен Хэнань педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кытайдагы иш сапарынын соңунда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Хэнань педагогикалык университетинде болду.

ОшМУдан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусунан соң ОшМУ менен Хэнань педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишимдин алкагында ОшМУнун программалык инженерия жана филология адистиктеринин студенттери ортосунда академиялык мобилдүүлүк ишке ашырылат.

Ошондой эле аталган окуу жайдын студенттери ОшМУга келип 1 семестрдик жана 1 жылдык орус тили курсун окуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий