ОшМУ QS Stars рейтингинде 4 жылдызга ээ болгон лидер университет деп таанылды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ болду жана “төрт жылдыздуу университеттердин” катарын толуктады.

Окуу жайдан билдиришкендей, QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ бир катар номинациялар боюнча жогорку баага ээ болуп, аймактагы алдыңкы университеттердин бири экенин тастыктады. Билим берүү жана ишке орноштуруу жаатында университетке рейтингде эң жогорку 5 жылдыз ыйгарылды.

QS Stars 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы. Анын ичинде профессордук-окутуучулук курамдан сырткары илимий изилдөө, эл аралык иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик иш-чаралары, студенттердин жашоо шарттары, спорттук жана маданий иш-чаралар сыяктуу критерийлерге деталдуу көңүл бурулат.

Рейтингдин негизги максаты студенттерге, алардын ата-энелерине жана эксперттерге ЖОЖдор тууралуу толук маалымат берүү болуп саналат. Университетке баа берүү көз карандысыз булактардын ар тараптуу талдоосуна, академиялык жана кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн сурамжылоонун жыйынтыгына, ошондой эле студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерине негизделет.

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков бул кадыр-барктуу сапат белгиси менен сыймыктанарын билдирди: “Университетибиз тынымсыз билим берүү программасын өркүндөтүү менен бирге бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгиликтүү ишке орношуусуна шарттарды түзүүгө умтулуп келет. QS Stars 4 жылдызына ээ болуубуз биздин билим берүүдөгү сапатка жана инновацияга берилгендигибизди тастыктайт”.

ОшМУнун миссиясы – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон заманбап адистерди даярдоо. Классикалык билим берүү мекемесинен дүйнөлүк деңгээлдеги илимий-инновациялык университетке жеткирүү, окуу жайды Борбор Азиядагы эң алдынкы 3 университеттин бирине айландырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий