• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ОшМУ Венгриянын жогорку окуу жайлары менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Венгриянын жогорку окуу жайлары менен кызматташат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобековдун Венгрияга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргызстандын 18ге жакын жогорку окуу жайынын ректорлору, анын ичинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты.

Иш-чаралардын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университетинин жетекчилиги менен жолукту. Эки университет ортосунда билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы багыттарында кызматташуу келишимине кол коюшту.

Ошондой эле сапардын алкагында Венгер-Кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форуму өттү.

Пикир

Оставить комментарий