• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

ОшМУда абанын булганышын изилдеген илимий борбор түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Күн мурун Япониянын Эл аралык кызматташтык, Илим жана технология агенттиктери, “ТЕКИЗАИТЕКИШ” ЖЧКСЫ, Токио медициналык жана стоматологиялык университетинен келген делегация ОшМУда болушту.

Окуу жайдан билдиришкендей алар Токио медициналык университети менен ОшМУ ишке ашырып жаткан “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорунун жыйынтыктоочу иштерин талкуулашты.

Долбоордун алкагында абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат. Бул техникалар Ош, Бишкек шаарларына жана башка аймактарга орнотулат. Кийин абанын булганышына мониторинг жүргүзүп жаткан улуттук системага киргизилет. Ал үчүн ОшМУнун кызматкерлери Токио медициналык университетинен окуп келишет.

Ректор Кудайберди Кожобеков долбоордун өлкө, анын ичинде Ош шаары үчүн мааниси чоң экенин айтты. Ал ошондой эле сапатсыз көмүрдүн колдонулушу, өнөр жайдын өнүгүшү, транспорт жана үй-бүлө чыгымдары жарандардын ден соолугуна, экологияга таасир тийгизип жатканын белгиледи.

"Бул долбоордогу өнөктөш университет катары Токио медицина жана стоматология институту, азыркы учурда Токио илим институту менен кызматташып жатканыбыз абдан кубандырат. Ушул жылдын март айында биздин аталган окуу жайга болгон сапарыбызда илимий изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин, инновациялык технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо багыттарында тажрыйбалары менен таанышып келдик. Мындай кызматташтык биздин изилдөөчүлөр үчүн уникалдуу тажрыйбага жетүүнү камсыздайт. Бул болсо долбоордун ийгиликтүү жүзөгө ашуусуна зор таасирин тийгизет", - деди ректор.

Долбоорго бөлүнгөн каражатка ОшМУда абанын булганышын изилдөөчү жаңы илимий борбор (IRCAPS) түзүлөт. Аны Япония тарап каржылап, керектүү каражаттар менен камсыздап берет. Борбордо булганган абанын ден соолукка зыяндуулугу изилденет. Мындан тышкары, ОшМУда Дата борбор курулуп, маалыматтык база топтолот.

Япон өкмөтү Кыргызстан менен бирге спутниктик маалыматтардын жана машиналык окутуунун негизинде абанын булганышын баалоо системасын иштеп чыгат. Анда Ош жана Бишкек шаарларында атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, үйдүн ичи-сыртынан өлчөөчү өлчөгүчтөр коюлат. Буга байланыштуу эки өлкөнүн долбоорго катышкан командаларынын өкүлдөрү шаардагы абанын булганышы менен күрөшүү боюнча өнөктүк стратегия иштеп чыгат.

Ал эми чогултулган маалыматтардын негизинде абанын сапатын жакшыртуу, калктын ден соолугуна, экономикага жана экологияга терс таасирин азайтуу боюнча кызыкдар мекемелер үчүн сунуш берилет.

Долбоордун мөөнөтү беш жыл. Документке кол коюлган соң, 2025-жылдан тартып толук ишке кирет.

Пикир

Оставить комментарий