• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

ОшМУда Erasmus+ программаларынын институционалдык мониторинги өтүүдө

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 11.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Ош мамлекеттик окуу жайында Европалык комиссиянын жана Европалык аткаруучу агенттиктин жетекчилигинде Erasmus+ программасынын институционалдык мониторинги өтүүдө. Бул тууралуу Ош мамлекеттик окуу жайынын басма сөз кызматы билдирди.

Мониторингге Европалык комиссия жана Европалык аткаруучу агенттиктин билим жана маданият боюнча долбоорунун жетекчиси Мария-Соль Домингес Паррадо, Erasmus+ улуттук офисинин координатору Гульнара Исаева, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тишелүү жетекчилери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүңдө университеттин Erasmus+ долбоорлору, анын ичинде ОшМУда ишке ашып жаткан TUTORIAL, DERECKA, HARMONEE, BERNICA, DEFA, EPCA, PAWER, Green KG жана KyrMEDU долбоорлору боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары иш - чарада «Green KG» долбоорунун алкагында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда «Санариптик инновациялар борборунун» ачылыш аземи болду.


Ошондой эле, күндүн экинчи бөлүгүндө коноктор BERNICA долбоорунун алкагында түзүлгөн «Тамак-аш лабораториясынын» ачылыш аземине катышышат.


Белгилей кетсек, бул эл аралык долбоорлор университетте заманбап технологияларды жана билим берүүдө инновацияларды колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий