• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

"ОшМУдан медиага карай…" китеби жарык көрдү

Аймак 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган "ОшМУдан медиага карай…" китеби жарык көрдү.

Аталган китепке ОшМУда билим алып, бүгүнкү күндө массалык-маалымат каражаттарында эмгектенип жатышкан журналисттердин студенттик жылдары, жетишкен ийгиликтери, ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата айткан ойлору, каалоолору киргизилди.

"ОшМУнун 85 жылдык мааракесин белгилеп жатып куттуу окуу жайыбызда билим алып, учурда журналистика жаатында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу китеп чыгарып жатабыз. Бул жөн жерден жаралып калган жок. 2014-жылы ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата да устатыбыз Каныбек Исаков агайдын демилгеси менен бул китептин биринчи чыгарылышы басылып чыккан. Агайыбыздын бул демилгесин улантып 85 жылдык мааракеге да кайрадан басмадан чыгарып жатабыз", -деп белгилейт китептин баш сөзүндө окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков.

Китеп окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулган эл аралык форумдун “Бизнес, мамлекеттик бийлик, билим берүү жана илим интеграциясын илгерилетүүдө медианын таасири” деген аталыштардагы 4 панелдик сессиясында тааныштырылып, келген конокторго тапшырылды.

Китеп университеттин Окумуштуулар кеңешинин отурумунун чечими менен басмага сунушталган, жалпы 146 беттен турат. Редакторлору Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагул Нуралиева, журналистика кафедрасынын доценти Чынара Абдиева. Калыпка салган Дүйшөн Бектемир уулу. Китеп ОшМУнун “Билим” редакциялык басма бөлүмүнөн басылды.

Учурда китептин электрондук варианты ОшМУнун илимий китепканасына жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий