ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Окуу жайдын маалыматына ылайык, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.

“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк”, - деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.

ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай "тез жардам" унаасын да сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий