ОшМУнун студенти Нурпери Бектурсун кызы эл аралык китеп окуу сынагында 1-орунду ээледи

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин 3-курсунун студенти Нурпери Бектурсун кызы эл аралык китеп окуу сынагында 1-орунду ээлеп, баш байге автоунаанын ээси болду.

Окуу жайдан билдиришкендей, сынак "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китеби боюнча өткөрүлгөн.

Конкурска жалпы 7 миңден ашуун окурман катышып, алдыңкы 100 китеп окуган катышуучуга атайын сыйлык жана эң алдыңкы 3 орунга байгелүү сыйлыктар ыйгарылды.

Китеп окуу сынагын "Мухаммед Умар" коомдук бирикмеси менен Kitep.kg дүкөнү биргеликте уюштурган.

Жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Пикир

Оставить комментарий