• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Ошто 10 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ош шаарында 10 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 10 кг ун жана 1 литр май түрүндөгү азык-түлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана азыркы кырдаалда муктаждыгы жаралган үй-бүлөлөргө берилүүдө.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен жардамдар үй-бүлөлөрдүн каттоосуна карабай таратылууда. Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген ундан Ош шаарына 100 тонна бөлүнүп, 10 миң үй-бүлөгө 10 килограммдан таратууну комиссия чечкен. 10 миң литр май мэриянын атайын эсебине түшкөн каражатка сатылып алынды.

Гуманитардык жардамды муниципалдык аймактык башкармалыктар, социалдык кызматкерлер ,жарандык коомдун өкүлдөрү, кварталдык комитеттер жана мэриянын кызматкерлери таратышууда.

Пикир

Оставить комментарий