• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто 120 орунга ылайыкташтырылган экинчи бала бакчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Ош шаарында быйылкы жылдын эсебинен курулуучу экинчи бала бакчанын курулушу башталды, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Бала бакчанын курулушу Курманжан Датка (Юго-Восток кичи району) муниципалдык аймактык башкармалыгын аймагында башталып, капсула салуу иш-чарасы өттү.

Капсула салууга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Шаар мэри Т. Сарыбашов бала бакчалардын санын көбөйтүүгө кызыктар экенин айтып, быйылкы жылдын эсебинен 4 бала бакчанын курулушу баштала турганын айтты.

Бала бакча 120 орундуу болуп, жергиликтүү бюджеттен 23 млн. сомдон ашуун каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий