• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ошто 15 жаштагы кызга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө чара көрүлөт – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Ошто 15 жаштагы кызга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, милицияга Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз ага физикалык күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашканы боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

23-августта окуя Ош ОИИБге каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Анда М.М. аттуу жашы жете элек кыз социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген. Ошондой эле соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

Милиция жабырлануучуну ур-токмокко алууга катыштыгы бар 21 жаштагы Э.Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 27 жаштагы У. Х. аттуу жаранды тактап, тергөө кызматына жеткирген.

“Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ошто 15 жашар кыз бир айдай сексуалдык кулчулукта кармалгандыгын айтып, укук коргоо органдарынын жетекчилерин зомбулукка кабылган өспүрүмдүн укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырган болчу.

Пикир

Оставить комментарий