• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 27 жаштагы жигит үйүн бекитип алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Ош шаарынын Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде 27 жаштагы Т.Э. аттуу эркек мас абалында эшикти ичинен бекитип алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине төрт куткаруучу тартылып, эшикти ачып беришкен.

“Жогоруда аталган жаранды милиция кызматкерлери алып кетишкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий