Ошто 30 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Ошто 30 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБсы боюнча Милициянын кайгул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "102" кызматына дарыгерлер чалып, 1992-жылы туулган Д.И., аттуу жаран миздүү нерседен жараат алып каза болгондугун билдиришкен.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Ж.Э., аттуу тургуну кармалган.

Шектүү учурда тергөө кызматына жеткирилген, окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий