• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Ошто шаар күнүнө карата бир катар оюн-зоок программалар тартууланат

Аймак 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата шаар аймагында бир катар маданий оюн-зоок программалар тартууланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ошентип, саат 10:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы сейил багындагы жайкы театрда концерттик программалар, ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда авто жана мото сүйүүчүлөр үчүн “Osh motors” фестивалы”, Алымбек датка этно борборунда кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү өтөт.

Майрам кечки саат 19:00дө А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда маданий массалык театралдаштырылган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Сүйүктүү шаарыбыздын туулган күнүн чогу тосолу. Биз сиздерди күтөбүз!

Пикир

Оставить комментарий