Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Ошто 7 жаштагы бала каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Учар айылынын Дача тилкесинде каналга 2015-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий