• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 8-мартка карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеш башталды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 06.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган, 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши башталды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышып, жалпы айымдарды куттуктады,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

“Айымдарды келе жаткан эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Силер бар үйдөн кут кетбей, мээримдүүлүк, боорукердик, сулуулук биздин жашообузду коштоп келет. Дени сак жана сергек жашоого чакырган мелдеш ийгиликтүү өтсүн. Ош шаарынын мэриясы жылда спорттук иш-чараларды Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштуруп, дени сак өлкөнү курууга өбөлгө түзүп келет. Күчтүүлөр жеңсин”, - деди Н.Кадыров.

Белгилей кетсек, мелдеш эки топко бөлүнүп өтөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

Жалпысынан бүгүнкү волейбол боюнча мелдешке 18 команда катышты. Алардын 12си мекеме-ишканалар, 6сы жогорку жана орто окуу жайлар.

Эскерте кетсек, бүгүн 6-март волейбол боюнча мелдеш болсо, эртең баскетбол мелдеши менен уланат.

Пикир

Оставить комментарий