• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Ош шаарында турак үйдөн ири өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Ош шаарында турак үйдөн ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн түндө Курбанов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:13дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 04:05те чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий