• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто 9 жылдык тыныгуудан кийин БАЭден биринчи каттамды тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 3-ноябрда "Ош" эл аралык аэропортуна Дубай эмирлигинен (БАЭ) 9 жылдан бери аткарылбай келген биринчи туруктуу каттам келип конду.

Аэрпорттун басма сөз кызматы билдиргендей, Fly Dubai авиакомпаниясынын Боинг-737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Биринчи каттам менен Оштон Дубайга 12 жүргүнчү учуп келип, 125адам учуп кетти.

Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу каттам 9 жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу аткарылат.

Авиакомпания каттамдарды жумасына 2 жолу – шейшемби жана жума күндөрү жүргүзөт. Болжолдуу учуу убактысы 3,5 - 4 саат.

Пикир

Оставить комментарий