• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто адам сатуунун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин чукул жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, тиешелүү укук органдарынын, билим берүү тармагынын, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилери, Акыйктачынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү, Ош шаардык казыяты, дин комиссиясы жана координациялык кеңештин мүчөлөрү катышышты.

Жыйында социалдык тармактарда тараган 15 жаштагы кыздын зордук-зомбулукка кабылган окуясы боюнча ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери боюнча маалыматы угулду.

Ошондой эле Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жабыр тарткан кызга көрсөтүлүп жаткан социалдык, психологиялык жардамдар тууралуу айтылды.

Жыйынтыгында координациялык кеңештин төрагасы тарабынан тез арада, тобокелдик тобуна кирген өспүрүмдөрдүн, анын ичинде ата-энелери чет өлкөдө миграцияда жүргөн, турмуштук оор кырдаалда турган балдардын өздүгүн тактоо, алардын арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү, көзөмөлдү күчөтүү, кулчулукка жана зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоо, алдын алуу жана окуяга кабылган кызга зарыл болгон социалдык, психологиялык, медициналык жардамдарды берүү боюнча тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий