• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто айрым көчөлөрдө жол кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 20.08.23./Кабар. Ош шаарында 20-августтан 21-августка караган түнү саат 24:00дөн тарта Ленин жана Курманжан-Датка көчөлөрүндө унаалардын кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, Ленин жана Навои көчөсүнүн кесилишинен тарта (болжол Филармония) 8-март көчөсүнө чейин бир тараптуу унаалар үчүн жол кыймылы ачылат. Бул жол шаардык автобекет тарапка карай багытталат.

Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсү 8-Март көчөсүнүн кесилишинен тарта шаардын ички борбордук бөлүгүнө карай бир тараптуу болот.

Мындай чечим унаа тыгынын алдын алуу жана жол коопсуздугунун камсыздоо максатында кабыл алынды.

Ош мэриясы айдоочуларды бул көчөлөрдөн өтүүдө этият болууга жана жол эрежесин так сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий