• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто айрым коомдук транспорттордун иштөө графиги убактылуу өзгөрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 17-июлда саат 23:00дө А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин 4-этабы башталып, А.Масалиев менен А. Навои (Келечек базары) көчөсүнүн кесилишинен, Ж. Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу 18-июлдан тарта коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Алар:
-№13 шаардык муниципалдык автобустук каттам убактылуу токтойт.
- Анын ордуна №6 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Соколок-ОшТУ багыты боюнча Көкүм Бий, Б.Осмонов, Р.Абдыкадыров, Ш.Руставели, Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, Өзгөн көчөсү, Ы.Монуев, А.Масалиев, кайра кайтканда Ы.Монуев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков айлампасын айланып Тилеке Баатыр, Ы.Монуев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№10 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Төлөйкөн-177-көчө багыты боюнча В.Ленин, А.Навои, Алай көчөсү, Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №53 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Мээркан-Жаны автобекет багыты боюнча жүргөндө А.Мамыров, Б.Осмонов, Г.Айтиев, Өскөналиев, Р.Абдыкадыров, Амир-Тимур, Г.Айтиев, К-Датка, Р.Абдыкадыров менен, кайтканда Жаны автобекеттен Касымбеков, У.Салиева, В.Ленин, Г.Айтиев, Ш.Руставели, Р.Абдыкадыров, Өскөналиев, Г.Айтиев, Б.Осмонов, А.Мамыров көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№102 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы ОшТУ-И.Раззаков көчөсү багыты боюнча А.Навои, Алай көчөсү, Ж.Раимбеков, А.Масалиев менен, кайра кайтканда Ж.Раимбеков, Алай көчөсү, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №106 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош ТУ-Кайырма багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев, Ы.Монуев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков кайра кайтканда Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№108 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Нариман-Областтык төрөт үйү багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке-Баатыр, Ы.Монуев, А.Масалиев менен, кайра кайтканда А.Навои, Алай көчөсү, Ж.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№113 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Тээке-Борбордук базар багыты боюнча А.Масалиев, Ы.Монуев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөлөрү менен жүрөт.
-№122 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Туран аймактык кеңешинен (дача)-Манас Ата кичи району багыты боюнча А.Навои, Алай көчөсү, Ж.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№125 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош району-Южный айлампа багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Алай көчөсү, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№ 127 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ишкаван-222-223квартал багыты боюнча А.Навои, Өзгөн көчөсү, Ы.Монуев менен, кайра кайтканда Ы.Монуев, Өзгөн көчөсү, А.Навои көчөлөрү менен жүрөт.
-№135 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Жд вокзал-Южный багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Алай көчөсү, А.Навои көчөлөрү менен жүрөт.
-№141 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур-Борбордук базар багыты боюнча Ы.Монуев, Өзгөн жана Алай көчөсү, Ж.Раимбеков көчөлөрү менен жүрөт.
-№143 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ак-Тилек кичи шаарчасы-Два Прораба багыты боюнча А.Навои,Алай көчөсү, Ж.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт.
-№149 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кыргыз-Чек-ОшТУ багыты боюнча Ы.Монуев, Өзгөн жана Алай көчөлөрү, Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев, А.Масалиев, кайра кайтканда А.Масалиев, Ы.Монуева, Өзгөн жана Алай көчөлөрү, Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
-№151 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл Мээнет-Обл төрөт үйү багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Алай көчөсү, А.Навои көчөлөрү менен жүрөт.
-№155 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл Кыштак-Учар багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Алай көчөсү, А.Навои, көчөлөрү менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий