Ошто акча опузалаганга шектелип 25 жаштагы УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Ош шаарында адамды талаага алып чыгып, акча опузалаганга шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү жаран октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып чыгып, аны сабап, 30 миң сом акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кол салгандар качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусунун 25 жаштагы А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешелүү болгон башка шериктештерин аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий