• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ошто алгачкы муниципалдык ипотекалык үй пайдаланууга берилди – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына шаар мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.

Мэр эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар ипотекалык негизде турак жай алып жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Элит Строй Сити” ЖЧКсы курулуштун мөөнөтү 18 ай болгонуна карабай 90 батирлүү үйдү бир жылда бүткөрүп берди. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плита, раковиналар менен камсыздалган”, - деди мэр.

Ошондой эле мэр мындан башка дагы 80 жана 45 батирлүү эки үйдүн курулушу аяктап жатканын, алар дагы ипотекага берилерин айтты.

“Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды”, - деди Мамбетов.

Иш-чаранын алкагында ипотекалык турак-жайдын курулуш долбоорлору менен таанышуу, ошондой эле биринчи ипотекалык үйдүн бактылуу ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырууга кошкон салымы үчүн курулуш компаниясынын жана муниципалдык ипотекалык компаниянын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан ары үйдүн ички инфраструктурасы, батирлердин макети менен таанышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий