• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто АРИС менен кызматташтыкта 6 долбоор боюнча иштер кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош шаарында "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорлору натыйжалуу ишке ашууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү" биргелешкен алты долбоордун алкагында жумуштар кызуу жүрүп жатат.

Анын негизинде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана АРИСтин аткаруучу жетекчиси Марс Наспеков С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын капиталдык оңдоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Ошону менен бирге жасалып жаткан курулуштар сапатуу, мөөнөтүндө, бекитилген долбоорго ылайык бүткөрүлүшү керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий