• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Ошто автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилип, 106 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. Ош шаарында 22-28-январь күндөрү милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталган:

- лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол;
- камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол;
- уруксаты жок кошумча жабдыктарды орноткондугу үчүн 1 протокол;
- айдоо учурунда окуу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол.

Ошентип, аныкталган кемчиликтер үчүн жалпы 106 миң 500 сомго айып салынды.

ЖКККББ автомектептердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Пикир

Оставить комментарий