• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Азия чемпиону Акжол Махмудовду салтанаттуу тосуп алышып, ардак грамота жана 50 миң сом тапшырышты

Аймак 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Ош Эл Аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Акжол Махмудовду, Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанаттуу тосуп алышты. Андан соң, атайын уюштурулган авто унааларда спортчуну даңтап шаар кыдырышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Акжол Махмудовду шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.

“Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Мына ошолордун катарын толуктап, баарыбызга жеңиш тартууладың. Биз келечекте сенден жаңы жетишкендиктерди күтөбүз. Ал үчүн Ош шаарынын мэриясы ар тараптан колдоого даяр”,-деди шаар жетекчиси.

Ошондой эле, А.Кадырбаев Махмудовго Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана 50 миң сом акча каражатын тапшырды.

Спортчу өз кезегинде өлкөбүздүн намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш чоң сыймык экенин билдирди.

Айта кетсек, Акжол Махмудов — кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону жана чоңдор арасында күмүш байге ээси.

27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий