• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто бүгүн оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө биринчилиги башталат

Спорт 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Ошто оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер бүгүн башталат.

3 күнгө созула турган чемпионатка республиканын бардык аймактарынан 100дөн ашык спортчу катышат.

Спортчулар төмөнкү салмакта күч сынашат:

  • балдар: 45 кг, 49 кг, 55 кг, 61 кг, 67 кг, 73 кг, 81 кг, 96 кг, 102 кг, 102+ кг;
  • кыздар: 40 кг, 45 кг, 49 кг, 59 кг, 64 кг, 71 кг, 71+ кг.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Ынтымак" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий