• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Ош облусунда баңгизаттарды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шектүүлөр ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн узакка созулган атайын операциянын натыйжасында кармалды.

2024-жылдын 15-октябрында Ош шаардык ИИБге сатуу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча арыз катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын тургуну, буга чейин 8 жолу соттолгон, 1991-ж.т. М.у.Н. жетектеген тобу такталган. Андан ары иштеп чыгуу иш-чаралырынын жүрүшүндө бул топто 1999-жылы туулган Н.у. Н., 2000-жылы туулган З.у.Ч. 1998- жылы туулган Б.у.М. экендиги аныкталган. Кылмыштуу топ Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенген.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, 2024-жылдын 18-декабрь күнү МуН. шектүүнүн кармалып, унаасын текшерүү учурунда, эки бычак табылып алынган. 2024-жылдын 20-декабрь күнү Б.у.М. кармалып, автоунаасын текшерүү учурунда "гашиш" баңги заты табылган.

Андан соң мурда аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, шектүүлөрдүн баары Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоого, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин зыянсыздандырууга багытталган атайын ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий