• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто бала бакчага кабыл алууда 15 миң сом талап кылган адис кармалды

Коом 0


Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар бакчанын адиси 15 миң сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген.

Аталган факт Ош шаардык миоицияга каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, 28-август күнү бала бакчанын адиси А.Т. 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.

Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган А.Т. тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий