• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ошто башы кесилген аялдын өлүмүнө шектүү 2 адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ошто таштандыдан табылган башы кесилген аялдын өлүмүнө шектүү эки аял кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымына караганда, маркум Алай районунун жашоочусу болгон. “Аялды өлтүрүп, таштандыга таштап кеткен шектүү эки аял кармалды. Учурда териштирүү амалдары жүрүүдө. Бир аздан соң дагы кененирээк маалымат берилет”,-деди Сыдыков.

Эске сала кетсек, кечээ, 28-августта, саат 10:00 чамасында Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий