• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коррупциянын алдын алуу эскертилди

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Ош шаарында мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, УКМКнын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу окуучуларды 1-класска кабыл алууда, мектептен мектепке которууда жана бала бакчага орноштурууда коррупциянын алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Ошондой эле окуучулардын коопсуздук ченемдерин сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий