Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Бүгүн бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Сыйлангандар Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери, 2024-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардык коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынынын аппаратынын, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылындагы "Мыкты мугалим" жана "Мыкты тарбиячы" сынагынын республикалык этабынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттар тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий