Ошто биринчи эл аралык "Amanat City Run" жарым марафону өтөт

Аймак 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Ош шаарында биринчи эл аралык "Amanat City Run" жарым марафону өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарыш төрт дистанциядан турат: 3 км, 10,5 км, 21 км. Ошондой эле эң кичинекей жөө күлүктөр (3 жаштан 10 жашка чейин) үчүн "Amanat Kid’s Run" балдар жарышы болот.

Иш-чара 7-майда таңкы саат 07:30да Оштогу борбордук аянтта старт алат.

Марафонго 2 миңдей адамдын катышары күтүлүүдө. Жарышка катышууну каалагандар www.nomadsport.net сайты аркылуу кирип каттала алат.

Иш-чараны "Аманат Сити" курулуш компаниясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий