Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бабур атындагы театрда Санкт-Петербургдун "Бис-Квит" камердик оркестри тарабынан "НЕВА ОБОНДОРУ" аталышындагы концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Концертке Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегациянын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын башталышында Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө уюштурулду.
Концерттик программанын жүрүшүндө коноктор үчүн музыкалык топтун аткаруусунда ар кандай жанрларды камтыган обондор жана кыргыз композиторлорунун бир нече чыгармалары жаңырды.
Концерт жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн алкыштарына татыды.
Соңунда оркестрдин көркөм жетекчисине, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетине, көргөзмөнүн уюштуруучуларына Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, оркестрдин репертуарында заманбап өңүттөгү 450дөн ашуун автордук чыгармалары бар. 2011-жылы Орусия өкмөтү оркестрге Орусияда жана чет өлкөлөрдө чоң ийгиликке жетишкендиги үчүн "Дүйнөдөгү орус маданиятынын элчиси" наамын ыйгарган.
Пикир
Оставить комментарий