• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто "Боорукердик" үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Ош шаарында "Боорукердик" үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белекке интерактивдүү доска тапшырды.

Жаңы 3 кабаттуу үй-интернаты 32 карыган адамга жана 45 балага туруктуу жашоо үчүн ылайыкташтырылып, зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Үй-интернаттын курулушу Абдишүкүр ажы Нарматовдун жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий