• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто Daewoo Nexia жол жээгинде турган баланы сүзүп кеткен. Шектүү кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Ошто Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде турган 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуя 17-сентябрда Жапалак айылындагы Ташиев көчөсүндө катталган.

Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу үйүнүн жанында ойноп жаткан М.А. аттуу бала сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургуну болуп чыккан.

Автоунаа айып короосуна киргизилип, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилген.

Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген, учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий