Ош, 14.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон баланы издөөгө жардам берүүнү суранат.
Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 1992-жылы туулган Алишер Таджибаев 2017-жылдын 5-августунда болжолу менен саат 17:00 үйүнөн “Тойота-Алтеза” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бул тууралуу кимдир бирөөнүн маалыматы болсо 0708888884, 0707177070, 0772824880 телефон аркылуу кайрылыңыздар.
Пикир
Оставить комментарий