• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ошто дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дарыларды сатууну көздөгөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дарыканадагы баңгиликке каршы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү борбордук базардын аймагында 1967-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын жанынан кара жана көк пакеттерге таңгакталган дары-дармектердин ири партиялары: 80 кассета (лирика) жана 100 флакон (көз тамчылары) табылган, анын жалпы баасы 195 миң сомду түзөт. Ал дары-дармектерди дарыгердин көрсөтүүсү жок эле сатууну көздөгөн.

Кармалган жаран жана алынган дары-дармектер Ош шаардык ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо жана өспүрүмдөр арасында "дарыканадагы баңгиликке" жол бербөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий