Ошто дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогуна 200дөн ашык спортчу катышууда

Спорт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, КР Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан: 7 эркек жана 7 аял - алпы 14 салмактык категория боюнча 200дөн ашык спортчу катышууда.

Кубоктун жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланат. Аталган турнирде жогорку чеберчиликти көрсөткөн спортчуларга, спорт чебери наамы ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий