• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто эки күндө 15ке жакын мыйзамсыз тосмолор жана тепкичтер алынды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Ош шаарында эки күндүн ичинде Исанов жана Масалиев көчөлөрүнүн боюндагы 15ке жакын мыйзамсыз тосмолор жана тепкичтер алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көчөлөрдө Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери мыйзамсыз жана убактылуу орнотулган тосмолорду, тротуарларда жайгашкан соода объектилеринин тепкичтерин алуу иштерин жүргүзүүдө.

Акыркы эки күндө аталган көчөлөрдөгү тротуарларды реконструкциялоого тоскоолдук жараткан 15ке жакын ар кандай объекттер буздурулду. Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын узундугу 2500 метр, Исанов көчөсүндөгү тротуардын узундугу 640 метр.

Пикир

Оставить комментарий