• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ошто электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Ошто электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматы ишканасынын кызмат адамына чара көрүүнү өтүнгөн. Анткени ал жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, механикалык электр эсептегичти электрондук эсептегичке алмаштыруу үчүн 30 миң сом акча каражатын талап кылган. Буга чейин бир нече жолу эсептегичти алмаштырбаганы үчүн айып пул үчүн акча да алган.

Бул факт боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

31-июлда ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө иш бөлмөсүндө 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда 42 жаштагы Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматынын бөлүмүнүн башчысы А.А. кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий