Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Ош облусунда эс алуу күндөрү аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликтин алдын алуу боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Рейд Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук инспекторлору жана Германиянын табиятты коргоо уюму (NABU) тарабынан уюштурулган "Барс-2" тобунун кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзам бузган 6 жаран аныкталып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 75 миң сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы табигый ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-аракеттерин мындан ары дагы улантат.
Пикир
Оставить комментарий