Ошто эс алуу жайлардын жайкы сезонго даярдыгы боюнча рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров баштаган жумушчу топ тарабынан жайкы сууга түшүү сезонуна карата шаар ичиндеги бардык бассейндер, көлмөлөр жана башка эс алуучу жайлар текшерүүгө алынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө жайкы сезонго карата өрт коопсуздугу, бассейндеги куткаруу даярдыгы, эс алуу жайларынын уруксат кагаздары текшерилди. Ал эми СЭС тарабынан суунун тазалыгы, санитардык жана гигиеналык абалы каралып, 10 күн аралыгында кемчилдиктерди жоюу үчүн эскертүүлөр берилди.

Текшерүү жарандардын сууга түшүүдө коопсуздугун сактоо, балдардын сууга чөгүп кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий