• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто "Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер" аттуу креативдүү фестиваль өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында "Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер" аталышындагы креативдүү фестиваль өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын колдоосу менен JIA Бизнес ассоциациясы жана “Инновация жана лидерликтин академиясы” мектеби (AIL) тарабынан уюштурулду.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында тематикалык үй-бүлөлүк квесттер, тимбилдинг өткөрүлүп, концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келгендерге сүрөтчүлөр тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдү

Белгилей кетсек, фестиваль үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн биргелешкен активдүү эс алуусун уюштуруу жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий