Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу селден жабыркаган Сана Зайировго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 500 миң сом кенемте сертификаты берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификатты Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү тапшырды.
Белгилей кетсек, жарандын үйү табигый кырсыкта толугу менен жараксыз болуп калган. Ал буга чейин турак жайын камсыздандырган.
Пикир
Оставить комментарий