• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ошто илимпоз Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде физика-математика илимдеринин доктору, профессор Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш чара “Эмгек гана илимде ийгиликке жеткирет” аталышында өтүп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат, Миталип Тайировдун Ош жана Баткен облусунан келген кесиптештери, достору, санаалаштары жана студенттер катышты.

Саамалык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Миталип Тайировдун 70 жылдык юбилейине карата окуу жайдын математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулган.

Саамалыктын биринчи бөлүгүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөө менен бирге чебер педагог Миталип Тайировго ОшМПУнун ардактуу профессору сыймыктуу наамын ыйгарды. Аны улай окумуштуунун жалпы алыс-жакындан келген жакындары куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, Миталип Тайировдун илимдеги орду тууралуу кенен кеп козгошту.

Кеченин экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында уланып, мында катышуучулар тарабынан бир топ кызыктуу сууроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды.

Андан соң иш чара музыкалык-педагогикалык факультетинин чакан концерттик программасы менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий