Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Ош облусунда 13-январда саат 20:00дө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Өзгөн районунун Тосой, Ак-Терек, Ничке-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий