• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөө күн мурун, 12-февралда түнкү саат 23:00дөр чамасында Тажикстан Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында 4,5 баллга чейин, Баткен облусунда 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий